Кимде-ким бир жакшылыкка себепкер болсо, аны аткаргандай сооп табат!

Намаз убактысы

Багымдат
06:48
Күн чыгышы
08:28
Бешим
13:11
Аср
16:14
Шам
17:57
Куптан
19:35

Чубак ажы Жалилов

Жалилов Чубак ажы Тажибаевич 1975-жылы 21- январында  Жалал-Абад облусуна караштуу  Базар-Коргон районундагы   Бай-Мундуз айылында   билимдүү адамдардын үй- бүлөсүндө туулган. Атасы Жалилов Тажибай математика мугалими,  апасы Сакыева Гульжамал англис тили боюнча мугалим. Үй-бүлөдө алты бир туугандын экинчиси.  Ош облусунун Өзгөн районунун күйөө баласы.Уруусу – Мундуз.

1992-1996-жылдары  Азирети Умар атындагы Кыргызстан Ислам университетинде,  2000-2002-жылдары Сауд Аравиядагы «Умм аль-Куро» эл аралык  университетинин алдындагы  араб тили институтунда , 2002-2006-жылдары аталган университетте фикх боюнча билим алган. Орто мектепти алтын медаль менен, ал эми жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен бүтүргөн. Бир туугандары да жогорку окуу жайларын кызыл дипломдор менен бүтүрүшкөн.

Үй-бүлөлүү, 3 уул, 2 кыздын камкор атасы.  Эне тилинде жана орус, араб тилдеринде эркин сүйлөйт.

Эмгек жолу 1995-1998-жылдары Кыргыз улуттук университетинин чыгыш таануу факультетинде араб тили сабагынан мугалим болуу менен башталган.

2005-2007-жылдары Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын Орто Азия боюнча эксперти, 2008-2010-жылдары  Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында фатва бөлүмүнүн жетекчиси. Ушул эле жылдары  Азирети Умар атындагы Кыргызстан Ислам университетинде мугалим болуп эмгектенген.

2010-2012-жылдары Кыргызстандын Азирети муфтийи кызматын аркалаган.

Муфтий болуп иштеп турганда коррупцияга каршы бир топ  реформаларды жасаган.

Андан сырткары диний билим берүү тармагын жана КМДБнын, Уламалар кеңешинин, Муфтийдин, казылардын, Баш имам хатибдердин билимдерин, милдеттерин, жоопкерчиликтерин шариатка жана мыйзамга туура келе тургандай кылып реформалоодо бир топ салым кошту.

Фикх (шариат мыйзамдары, укук), араб тилинин грамматикасы, тафсир (Куран аяттарына түшүндүрмө берүү жана комментарийлөө), хадис терминологиясы жана хадис таануу илимдери боюнча окутууга, чечим (фатва)  чыгарууга уруксааты бар документтердин ээси.

Чубак ажынын өзгөчөлүгү деп өздүк 3 бөлмө китепканасы бар экендигин  айтууга болот.  Ислам динине тиешелуу баардык китептер бар.

Китеп окуп, маселенин чечимин издегенди, анализдегенди  жактырат жана убактысынын көп бөлүгүн ушул ишке арнайт.  Учурда  негизги вазыйпасы болгон ислам динин жеткирүү иши  менен алек. Эркектер жана  аялдар жамааттар  үчүн   окууларды уюштуруп, макалалары  «Аят», «Тамчы»  гезиттерине жарыяланып турат жана үналгы, сыналгыда атайын берүүлөргө такай катышып келүүдө. Социалдык  тармактарда да жигердүү иш алып барат.

Кызыл-Кыя шаарында өткөн Чубак ажы Жалиловдун сабагына 15 миңге чукул адам катышты

Muftiyat.kg/ 14-январь/ Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, дин аалымы  Чубак ажы Жалилов илимий сапары менен Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына келип, Баткен облусунун мусулмандар  казысы Муса ажы Жолдошов, казынын орун басары Нурдин ажы Мамасабиров менен жолугушту. Муну менен катар Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары менен жолугушуп, кызыктуу баяндама жасап берди. Ал эми Кызыл-Кыя шаарынын баш имамынын айтымында сабакка 15 миңге чукул адам келип, сабак суроо-жооп менен уланган.

Эртең, 12-январда Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов илимий иш сапары менен Баткенге барат

Muftiyat.kg/ 11-январь/ Эртең, 12-январда Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, дин аалымы Чубак ажы Жалилов илимий иш сапары менен Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына келет. Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Мукадас ажы Кожониязовдун айтымында  иш сапарыдын жүрүшүндө Чубак ажы Жалилов Кызыл-Кыя шаарындагы Мураталы Жуманов атындагы  борбордук  мечитинде жергиликтүү эл менен жолгушуп, жума баянын өтмөкчү.

"Насаат Медиа" Ислам порталы YouTube каналынын «күмүш баскычына» ээ болду

Muftiyat.kg/ 24-ноябрь/ "Насаат Медиа" Ислам порталы YouTube видеохостингинин «күмүш баскычына» ээ болду. Ал эми Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов аталган сыйлык өлкөбүздөгү динге болгон эркиндиктин, сөз эркиндигинин бар экендигин айтып, Ислам дининин баалуулуктарын коомчулукка жетип жаткандыгын баса белгиледи. Муну менен катар дин аалымы бул сыйлык жалпы мусулмандардын сыйлыгы экмндигине токтолуп, мамлекетибизге, эли-журтубузга тынчтык, амандык жана бакубат жашоо тиледи.

Дин аалымы Чубак ажы Жалилов жана Азирети муфтийдин орун басары Замир кары Ракиев иш сапары менен Нарын облусунда болушту

Muftiyat.kg/ 10-октябрь/  Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов жана Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары Замир кары Ракиев кечээ, 9-октябрь күнү Нарын шаарына атайын илимий сапар менен келишип, казыяттын ишмердүүлүгү, медреселердин окуу тармагындагы программалар менен жеринде таанышышты.

Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Араван районунун тургундары менен жолугушту

Muftiyat.kg/ 6-октябрь/ Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Ош облусуна болгон сапарынын алкагында Араван районундагы “Ар-Рохма” атындагы борбордук мечитинде жалпы райондун эли менен жолугушту. Аталган жолугушууга Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, райондун башкы имам-хатиби Умарали ажы Муратов жана райондун аймактарынан келген беш миңге чукул жашоочулар катышышты.

Аалымдар Кенешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Балыкчы шаарынын жашоочулары менен жолугушту

Muftiyat.kg/ 3-октябрь/ Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кенешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов иш сапары менен Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына барып,  «Ырыс» борбордук мечитинде шаар тургундары жолугушту. Бул туурасында Балыкчы шаарынын баш имам хатиби Чойбек ажы Исакунов билдирди.

Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов иш сапары менен Ош шаарында болуп, шаардык казыяттын ишмердүүлүгү менен таанышты

Muftiyat.kg/ 30-сентябрь/  Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов кечээ, 29-сентябрда иш сапары менен Ош шаарына келип, анын алкагында шаардык казыяттын ишмердүүлүгү менен таанышып, жергиликтүү шаар тургундары менен жолугушту.

Чубак ажы Жалилов 6-июль күнү Чикаго шаарындагы мекендештерибиз менен жолугушат

Muftiyat.kg/ 29-июнь/  Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов 6-июль күнү Америка Кошмо Штатынын Чикаго шаарындагы мекендештерибиз менен жолугушаары күтүлүүдө. Бул туурасында nasaat.kg сайты билдирди. Маалыматка ылайык дин аалымынын сапары АКШдагы Чикагодогу кыргыз коомчулугунун чакыруусу менен уюштурулуп, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү мекендештерибиздин  суроолоруна жооп берүү менен өзүнүн баяндамасын жасап келмекчи.

Подписка на RSS - Чубак ажы Жалилов