Ал ата-энесине мээримдүү болуп, жабыр, зулум кылуучу, баш ийбес эмес эле

Намаз убактысы

Багымдат
06:48
Күн чыгышы
08:28
Бешим
13:11
Аср
16:14
Шам
17:57
Куптан
19:35

Кумар Орозалиев: «Мектептеги эң маанилүү сабак – бул адеп сабагы»

Muftiyat.kg/ 19-декабрь/ Нарын облустук мусулмандар казыятынын кызматкери Эрик Молдокулов, Нарын районунун баш имам хатиби Кумар Орозалиев жана «Адеп Башаты» коомдук фондунун мүдүрү Максат Таласбаев  Нарын райондагы Токтосун Байбураев  орто мектебинин директору Мирлан Аламановдун демилгеси менен уюштурулган райондук алкакта өткөрүлгөн мектеп окуучуларынын ачык сабактарына катышышты. Иш чарага Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Акматалиевич жана Нарын районундагы 35 мектептин адеп сабагынан таалим берген мугалимдери катышып, Токтосун Байбураев  атындагы мектептин окуучуларынын ачык сабактарына күбө болуп, тажрыйбаларынан бөлүшүп кайтышты.

Ачык сабактарды көрүү үчүн ар бир класстан 5-6дан мугалим саресеп салып, окуучулар даярдаган ар кандай программа менен коштолгон ачык сабакка өз бааларын беришти. Ачык сабактын негизин адеп сабагы түзүп, облустук казыяттын өкүлдөрү мектептеги эң маанилүү сабак адеп сабагы экенин баса белгилеп айтышты.

«Бүгүнкү күндө жылпыбыз адеп-ахлак жаатында келечек муундарыбызга жакшы тарбия беришибиз керек. Дин кызматкерлери кайсыл гана жакта болбойлук мына ушул ыйман, адеп туурасында сөзсүз баяндама кылабыз. Ал эми бүгүнкү күндө мектептеги эң маанилүү сабак адеп сабагы»,-деди Кумар Орозалиев.

Иш чара «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата уюштурулуп, райондун ар кыл аймагынан келишкен мугалимдердин тажрыйба алмашуусуна жакшы өбөлгө болуп, мындай саамалыктарды өткөрүп туруу зарылдыгы бар экендигин айтышты.