Анан ага Өз жаныбыздан боорукерлик жана пакизалык да (бердик). Ал такыбаа адам болду.

Намаз убактысы

Багымдат
06:48
Күн чыгышы
08:28
Бешим
13:11
Аср
16:14
Шам
17:57
Куптан
19:35

Нарын казыяты мектеп окуучуларын руханий адептүүлүккө үндөшүүдө

MUFTIYAT.KG/ 20-декабрь/ 14-декабрдан тартып 19-декабрга чейин Нарын облустук казыятынын өкүлдөрү Нарын шаарындагы Чкалов, М.Сыдыков, А.Буйлаш уулу, А.Садыков жана Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектептеринде үй-бүлөнүн баалуулуктары, ата-энелердин жоопкерчиликтери, балдарды руханий-адепүүлүккө тарбиялоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу темаларында окуучуларга жана мугалимдерге лекцияларды окушту.

Аталган иш чара Нарын шаардык мэриясы тарабынан уюштурулуп, ага Нарын облусунун казысынын орун басары Рахат Дюшембиев, Сейит Исаев жана Нарын шаарынын баш имам хатиби Азатбек Оруналиев, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн жана Нарын ШИИБнин ЖӨИ инспекциясынын кызматкерлери катышышты.

««Ыйман, адеп, жана маданият» жылына карата Нарын облустук администрациясы облус боюнча бардык орто мектептерди кыдырып, адеп-ыйманга чакырган жана кылмыштуулуктун алдын алган лекцияларды окуу үчүн тийиштүү жерлерге тапшырмаларды берип, бекиткен болчу. 2017-жылы Нарын облустук мусулмандар казыятынын өкүлдөрү жыл башынан бери ушул иш чаранын алкагында Кочкор, Жумгал, Ат-Башы, Акталаа, Нарын району жана Нарын шаарында жалпы 133 орто мектепти кыдырып, ыйманга, адепке чакырган жана терс көрүнүштөрдөн оолак кылуу үчүн сабактарды өтүшкөн. Түшүндүрүү иштери алкагында Нарын казыяты тарабынан тартылган кыска метраждуу тасмалар көрсөтүлүп, диний баяндар дагы айтылган»,-деди казыяттын басма сөз кызматынан.