Анан ага Өз жаныбыздан боорукерлик жана пакизалык да (бердик). Ал такыбаа адам болду.

Намаз убактысы

Багымдат
06:48
Күн чыгышы
08:28
Бешим
13:11
Аср
16:14
Шам
17:57
Куптан
19:35

Нарын казыятынын жооптуу катчысы Орозобек ажы Жунушов «Нарын шаарынын ардактуу атуулу» наамына ээ болду

Muftiyat.kg/ 28-декабрь/ Кечээ, 27-декабрь шаршемби күнү Нарын казыятынын жооптуу катчысы Орозобек ажы Жунушовго Нарын шаардык кеңешинин чечими менен «Нарын шаарынын ардактуу атуулу» деген  наам  ыйгарылды. Бул сыйлык Орозобек ажы Жунушовго көп жылдар бою Нарын облустук казыятында  эмгек сиңирип, бир канча казынын учурунда көптөгөн иштердин каржылык  эсептерин  жөнгө салып, катчылык милдетин мыкты аткарып, шаардагы мечиттердин көрктөнүшүнө жана шаардык тургундардын руханий байлыгына салым кошкону үчүн берилген.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана Нарын казыятынын жалпы жамааты Орозобек ажы Жунушовду алган сыйлыгы менен куттуктайт!