(Эй Мухаммад), ушул Китепте (Куранда) Мариямды эстегин: Ал өз үй-бүлөөсүнөн четке - күн чыгаар тарапка барып, алардан жашынып алган чагында Биз ага Өз рухубузду - (Жебрейилди) жибердик. Анан ал (Мариямга) бүтүн (дана) адам болуп көрүндү.

Намаз убактысы

Багымдат
06:48
Күн чыгышы
08:28
Бешим
13:11
Аср
16:14
Шам
17:57
Куптан
19:35

Нарын райондук хатибияты Орто-Нура айылындагы мектеп окуучуларын интернетти туура колдонууга үндөдү

Muftiyat.kg/ 12-январь/ Кечээ, 11-январь бейшемби күнү Нарын районунун баш имам хатиби Кумар Орозалиев жана орун басары Фасихиддин  Халимов Орто-Нура айылынын орто мектебинде жогорку классынын окуучулары менен жолугушуу өткөрдү. Мектеп окуучуларын китеп окууга, керексиз массалык маалымат каражаттарынан алыс болууга жана интернетти туура колдонууга үндөдү.  Муну менен катар дин кызматкерлери канткенде аптасына 1 китеп окуп бүтүрсө болоорун үйрөтүп, тажрыйба бөлүшүштү. Андан соң ата-энелер менен чогулуш болуп, баланы туура тарбиялоо жана ата-эненин ичкиликтен оолак болуусу туурасында лекция өтүлдү.

Эскерте кетсек, Нарын райондук хатибияты көп жылдан бери райондун орто мектептери менен тыгыз иштешип келүүдө.