Кимде-ким бир жакшылыкка себепкер болсо, аны аткаргандай сооп табат!

Намаз убактысы

Багымдат
06:48
Күн чыгышы
08:28
Бешим
13:11
Аср
16:14
Шам
17:57
Куптан
19:35

Нарын шаарындагы мектептерде үй-бүлөнүн баалуулуктары жана балдарды руханий-адептик тарбиялоо боюнча семинарлар өткөрүлө баштады

Muftiyat.kg/ 13-декабрь/ Нарын шаарынын Т.Сатылганов жана Э.Ибраев атындагы орто мектептеринде «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата Нарын шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган семинар болуп өттү. Үй-бүлөнүн баалулуктары, ата-энелердин жоопкерчиликтери, балдарды руханий-адептик тарбиялоо жана кылмыштуулукту алдын-алуу боюнча өткөн бул семинарда Нарын шаарынын баш имам-хатиби Оруналиев Азатбек, Нарын облустук казыятынын окуу, мечиттер бөлүмүнүн адиси Исаев Сейит, «Адеп Башаты» коомдук фондунан Тазабеков Нурбек, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүн жана НШИИБ-ЖӨИ инспекциясынын кызматкерлери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө мектеп окуучуларын адептүүлүккө үндөгөн сабактар айтылып, Нарын казыяты тарабынан тартылган тасмалар көрсөтүлдү.