Ал ата-энесине мээримдүү болуп, жабыр, зулум кылуучу, баш ийбес эмес эле

Намаз убактысы

Багымдат
06:48
Күн чыгышы
08:28
Бешим
13:11
Аср
16:14
Шам
17:57
Куптан
19:35

Нарындын ОИИБ кызматкерлери облустук казыятта радикализмдин алдын алуу жана бирге кызматташуу боюнча жолугушуу өткөрдү

 Muftiyat.kg/ 20-декабрь/  Кечээ, 19-декабрь ишемби күнү ОИИБдин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери Нарын шаарындагы Нарын медресесинин жыйындар залында медресе студенттерине, шаар имамдарына жана казыят кызматкерлерине экстремизмдин, радикализдин алдына алуу максатында лекция окуду. Семинардын жүрүшүндө терроризмди кандай жолдор менен алдын алса боло тургандыгын жана кандай адаттар радикализмге тиешеси бар экендиги тууралуу түшүндүрүлдү. Муну катар радикализм өңдөнгөн көрүнүштөр байкалса  диний илими терең медресе мугалимдерине, дин таануучуларга, теологдорго, ошол боюнча маалыматы терең мечит имамдарына кайрылып, аракетти толук анализдеп, онунчу бөлүмгө кайрылуу керектигин билдиришти.

Ошондой эле ички иштер министрлигинин 10-бөлүмүндөгү аткарылып жаткан иштер айтылып, студенттер тарабынан суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды.