(Эй Мухаммад), ушул Китепте (Куранда) Мариямды эстегин: Ал өз үй-бүлөөсүнөн четке - күн чыгаар тарапка барып, алардан жашынып алган чагында Биз ага Өз рухубузду - (Жебрейилди) жибердик. Анан ал (Мариямга) бүтүн (дана) адам болуп көрүндү.

Намаз убактысы

Багымдат
06:48
Күн чыгышы
08:28
Бешим
13:11
Аср
16:14
Шам
17:57
Куптан
19:35

Жеңишбек Арзымкожоев: “Ата-эне баланын өз өмүрүн кыюсуна жол бербөө үчүн алардын сезимдери менен эсептешүүлөрү керек”

Muftiyat.kg/ 15-декабрь/ Нарын облусунун Кочкор райондук хатибияты Кочкор районунун Ак-Талаа айылынын А.Абдыкеримов атындагы жана Орток айылынын А.Жалпатеков атындагы орто мектептеринде «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата мектеп окуучулар арасындагы  кылмыштуулуктун жана суициддин алдын алуу максатында окуучулардын ата-энелери менен жыйын өткөрдү. Жыйынга Кочкор районунун баш имам-хатиби Жеңишбек Арзымкожоев жана Кочкор райондук ИИБнин ЖӨИ инспекциясынын кызматкерлери катышып, ата-энелерге кылмыштуулуктун, суициддин жана рекетчиликтин алдын алуу боюнча бир катар маалыматтарды айтышып, анын алдын алууда ата-энелер балдар менен иштөөсү, алардын коомдук иштердеги активдүүлүгү жана айлана-чөйрөдөн алып жаткан маалыматтары боюнча иш алып баруусу керек экендигин айтылды.

“Ата-эне балнын өз өмүрүн кыюсуна жол бербөө үчүн алардын сезимдери менен эсептешүүлөрү керек”,-деди Жеңишбек Арзымкожоев.

Муну менен катар Кочкор районунун баш имам-хатиби  ата-энелер балдарга  кылмыштын зыяндуулугун түшүндүрүп, аларга ар дайым көңүл бөлүүсү зарыл экендинин, ал эми түнт балдар болсо алардын оюн угууга аракет кылып, алардын сезимдерин түшүнүү керек экендигин баса белгиледи.