Ага туулган күнүндө да, өлө турган күнүндө да, кайра тириле турган (күнүндө да, тынчтык - амандык болот).

Намаз убактысы

Багымдат
06:48
Күн чыгышы
08:28
Бешим
13:11
Аср
16:14
Шам
17:57
Куптан
19:35

Биз жөнүндө

ИБРАЕВ МАМБЕТАСАН ИБРАЕВИЧ

  • Нарын облусунун Казысы
  • Кыргыз

Туулган жылы: 14-сентябрь, 1971-жыл.
Туулган жери: Нарын облусу, Ат-Башы району, Жаңы-Күч айылы.
Билими: Жалпы орто билим; учурда И.Арабаев атындагы КМУнун психология факультетин сырттан окуп бүтүрүүдө.  
Диний билими: орто, Эл аралык “Аль-Азхар” университети (Египет) (1992-2002-ж.)
Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү, 2 уул, 2 кыздын атасы.

Казыяттагы штаттардын, бөлүмдөрүнүн аталыштары:

  1. Облус казысы – Ибраев Мамбетасан Ибраевич;
  2. Казынын орун басары – Дюшенбиев Рахат Жамсанович;
  3. Бухгалтер-кассир, жооптуу катчы – Жунушов Орозобек;
  4. Окуу, мечиттер бөлүмүнүн адиси – Исаев Сейит Дүйшөнбекович;
  5. Басма сөз адиси – Арсен уулу Толкунбек;
  6. Даават бөлүмүнүн адиси – Джаныбаев Эрмек Белекович;
  7. Чарба бөлүмүнүн адиси – Акунов Курманбек Муратбекович.

Казынын орун басары:
ДЮШЕНБИЕВ РАХАТ ЖАМСАНОВИЧ

  • Нарын облусунун Казысынын орун  басары
  • Кыргыз

Туулган жылы: 13-март, 1978-жыл.
Туулган жери: Нарын облусу, Ат-Башы району, Ат-Башы айылы айылы.
Билими: Жалпы орто билим.  
Диний билими: орто, Имам Азам ислам медресеси (2004-2008-ж.)

Казыят тарыхы:
Нарын областтык казыяты 1996‑жылы Уламалар Кеңешинин курултайында каралып, казыят болуп ачылууга чечим кабыл алынып, ошондон бери өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатат. Эң алгач 1996‑жылдан 1999‑жылга чейин Ишенов Тойчубек, ал эми 1999‑жылдан 2003‑жылга чейин Нематулла Жээнбеков Казы болуп иштеген. 2003‑жылдын 2010-жылга чейин Таалайбек Жакыпов, 2010-2011-жылдары Замир каары Ракиев, ал эми 2011-жылдын сентябрь айынан бери Мамбетасан Ибраев казылык милдетти аркалап келүүдө.
Казыят азыркы учурда өзгөчө учурдагы Казы Мамбетасан Ибраевдин убагында бир топ алгылыктуу иштерди жүргүзүп келе жатат. Жергиликтүү бийлик, коомчулук, массалык маалымат каражаттары жана жогорку, орто окуу жайлары, мектептер менен дайыма тыгыз байланышта болуп, биргеликте элибизге ыймандуулукка, биримдикке, ынтымактуулукка, боорукерликке чакыруу менен областагы бардык имамдарга казыят тарабынан көрсөтмөлөр берилип, бүгүнкү күндө көптөгөн иштер аткарылууда. Нарын областында диний абал туруктуу жана элдин динге болгон көз карашы жогору. Нарын казыятынын иш-аракеттерин, диний маалыматтарды элге жеткирип турууда казыяттын Фейсбукта атайын баракчасы активдүү иштерди жүргүзүп келүүдө.
Нарын областынын аймагында 5 район бар. Нарын областынын аймагында жалпы 147 мечит, ошондой эле расмий 1ислам институту, 2 медресе иш жүргүзүп келүүдө. Нарын областтык казыятында 7 адам иштейт. Казыятка келип түшкөн арыздар, даттануулар, кайрылуулар өз убагында каралып, чечимдери дайыма ээлери жөнөтүлүп турат.