(Биз ага) "Эй Яхия, Китепти (тактап айтканда Тооратты) бекем кармагын" (дедик) жана ага наристе чагында дааналык бердик.

Намаз убактысы

Багымдат
06:48
Күн чыгышы
08:28
Бешим
13:11
Аср
16:14
Шам
17:57
Куптан
19:35

Даават, үгүт-насаат жана ар кандай агымдар менен иштөө бөлүмү

Кыргызстан Мусулмандарынын даават, үгүт-насаат жана аялар, ар кандай агымдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Билалидин ажы Сайпиев 

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан дааватка чыккандар үчүн  атайын жобо иштелип чыгып, учурда жобого ылайык аймактардан дааватка чыккан мекендештерибизди каттоо жана аларга уруксаат баракчасын берүү иштери муфтияттын даават, үгүт-насаат жана ар кандай агымдар менен иштөө бөлүмү тарабынан жүргүзүлүп келүүдө. Ошондой эле бүгүнкү күнгө чейин Ош шаарында, Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жана Бишкек шаарынын борбордук мечитинде дааватчылардын билим деңгээлдерин жогорулатуу максатында атайын 1 айылык окуу курстары уюштурулуп келет. Окуу курсунда Куран, Фыкх, Ханафий мазхабы жана Матрудия акыйдасы, жүрүм-турум эрежелери жана КРдин диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы окутулууда.  Бүгүнкү күндө өлкө аймагы боюнча 1780 дааватчыга окуу курсун ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн КМДБ тарабынан сертификат тапшырылды.  

2017-жылдын март айына чейин 154 дааватчы окуп, өздөрүнүн билимдерин жогорулатышкан. Муну менен катар дааватчылардынкийим-кечелерин оңдоо максатында, дааватчыларга Кыргызстандын шартына ылайык ата-бабабыздан келе жаткан улуттук жана диний үлгүдөгү кийимдердин модели иштелип чыгып, демөөрчүлөрдүн жардамы күз мезгилине жана жаз мезгилине ылайыкташкан 1200 даана форма тигилип,  бардык облус, райондорго чейин таратылды.

Муфтияттын даават бөлүмү 2014-2017-жылдар аралыгында  облустук жана райондук дааватчылардын жана жалпы элдин билимин жана ыйман деңгээлин көтөрүү максатында, «Мекенди сүйүү”, “Достук мамиле”, “Чынчылдык”, “Наркомандык”, “Суицид”, “Ата-энени урматтоо”, “Паракорлуктун зыяны”, “Зынаанын зыяны” темаларында облустук  казыятар, райондук имам хатибтер, көрүнүктүү дин аалымдар  менен биргеликте түшүндүрүү иштери  жана лекциялар өткөрүлүүдө.  Ошондой эле Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгыгынын даават, үгүт-насаат жана ар кандай агымдар менен иштөө бөлүмү Кыргыз Республикасынын мамалекеттик жаза өтөө мекемеси менен биргеликте 10 жылдан ашуун убакыттан бери абактагы мекендештерибизге Ханафий мазхабы, Матрудий акыйдасы, ыймандуулук, сабырдуулук, адеп-ахлак, ата-мекенди сүйүү, тарбиянын маанилүүлүгү  темалары боюнча  үгүт-насаат, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, абактагы мекендештерибизге дагы көңүл бөлүп  келишүүдө.