Кимде-ким бир жакшылыкка себепкер болсо, аны аткаргандай сооп табат!

Намаз убактысы

Багымдат
06:48
Күн чыгышы
08:28
Бешим
13:11
Аср
16:14
Шам
17:57
Куптан
19:35

Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед (ﷺ)

Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам)дын эң акыркы сөзү: "Намаз, намаз. Кол астыңардагылардын акысын берүүдө Алладан корккула!".
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам)дын эң жаман көргөн кулк-мүнөзү "Жалган айтуу".
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам)га эң сүйүктүү болгон амал: Аз болсо да уланып турган амал.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) адамдардын эң жакшысы, эң мыктысы жана эң эр-жүрөгү болгон.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) жамаат менен намаз окуганда жеңил окуп, жалгыз окуганда намазын узун окуган.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) уктаардын астында оң колун оң бетинин астына коюп жатчу.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам)га сүйүнүчтүү кабар келсе Алла Таалага шүгүр кылып сажда кылчу.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) үйүнө кирээр замат мисвак колдончу.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) ооруп жаткан адамды кабар алганы барганда: "Эч нерсе эмес, Кудай буюрса күнөөлөрдөн тазаланасын", - деп айтчу.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) маркумду жерге бергенден кийин кабырдын жанында туруп: "Мусулман бир тууганыңар үчүн истигфар айткыла жана ыйманын бекем кылуусун сурагыла. Чындыгында ал азыр сурака алынат", - деп айтчу.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) жакындарынын бирөөсү ооруп калса "Фалак жана Наас" сүрөлөрүн окуп дем салчу.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) өзүнүн балдарына жана жаш балдарга мээримин төкчү.
Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) эң көп ушул дубаны кылаар эле. "Роббанаа аатинаа фид дунйаа хасанатан ва фил аахироти хасанатан ва кинаа азаабан наари".
(О, Жараткан! Бизге бул дүйнөнүн да акыреттин да жакшылыктарын бер жана бизди тозок отунан сакта!).
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) аз күлүп, көпкө унчукпай отурчу.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам)дын сакалы койуу жана айбаттуу эле.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) түнкү намазды такыр калтырчу эмес, эгер ооруп калса отуруп окучу.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) сакалын тазаланганда, бут кийимин кийээрде, улоосуна минээрде жана иштеринин барысында оң жактан баштаганды жактырчу.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) дайыма Алланы зикр кылчу.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) белекти кабыл алып, өзү да белек берчү.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) жаш балдардын жанынан өтүп баратып аларга салам берчу.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) дүйшөмбү жана бейшемби күнү орозо кармаганга аракет кылчу.

КИУнун ректору, аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов.